Манасчы Жаныбай Кожектин 150 жылдыгына карата ачык иш-чара.
Манасчы Жаныбай Кожек уулунун 150-жылдыгына арналган иш-чарабыз 7.12.23-жылы болуп өттү. Иш чарабызга шаардын жана Чүй районунун 11 мектебинин мүчөлөрү келишти. Залда кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү, дубал гезиттер болду. Иш-чара манасчы Жаныбай Кожек уулу боюнча презентация менен башталды. Дагы манасчылар тобу Манас айтып, андан кийин Жаныбай манасчы жөнүндө маалыматы менен агитбригада чыкты. Ошондой эле ыр, кыргыз бийи коштолду. Иш чарабыз бул Манасчы жөнүндө маалымат аздыгына карабай кызыктуу өттү.
Комментарии